Жаңы жылда – жаңы аракет.

1-январдан баштап, уктаардын алдында, балдарга китеп окуп бере баштадым. Китептин мазмуну кызыктуу болуппу, же убакытты чогуу өткөргөнгө ыраазы болушуппу, айтор күнүгө кунт коюп угушканы байкалды. Окуурдан мурун, “20мүнөт окуп эрте уктайлы, ээ?” дегенге карабай 30-40мүнөт убакыт тез эле өтүп кетип жатты. Убакытты кыска айткан себебим – кызыктуу жеринен токтоп, эртеңки китеп окуубузга мындан дагы кызыгуу жаратуу болду.

자신감Балдар өспүрүм куракта болгондуктан, жашына ылайык “жеке өнүгүү” боюнча көркөм адабияттан баштадык. Анын бири, адамдын жашоосунда чоң мааниге ээ болгон – “Өзүнө өзү ишенүү” мазмунундагы чыгарма болду. Анда баяндалган кээ бир окуя жана көйгөй мектеп турмушунда кездеше турган көрүнүш болгондуктан балдардын көңүлүн ого бетер өзүнө бура алды. Тагыраак айтканда, “өзүнө ишенүү, өзүн(өзгөнү) сыйлай билүү”, “дос күтө билүү”, “классташтардын алдына чыгып өз оюн тартынбай сүйлөө”, “мектеп жана мугалим агай-эжеден коркуп-үркпөй, тескерисиниче балдардын туура жетилүүсүнө, адамдык сапатынын өнүгүүсүнө, келечекте коомдогу өз ордун табуусуна зор салым кошо турган булактардын бири экенин туура түшүнүү”  ж.б. ушу сыяктуу мазмунда болду. 

Китеп окуу учурунда балдардын өз кыймыл-аракетине болгон чакан анализдөөсү дагы байкалды. Мисалы, чыгарманын каарманы көйгөйдү чечүүдө кандай аракеттерди кылгандыгын угушуп, андай учур аларда дагы болгондугун, же болуп көрбөгөн көрүнүш экендигин кыскача кыстырмалар менен билгизип жатышты.  Айрыкча сабактан “начар” баа алып, апасынан уруш жеген каармандын ой-толгоосу көңүлдөрүн бурду. Себеби ал жагдайдан чыгуусуна – келечектеги эңсеген кыялын аныктоосу түрткү болду. Дагы каармандын “мугалим мени гана жаман көрөт” деген өзүн-өзү басмырлоосу, мугалимдин каарманга болгон эскертүүлөру балдарды кыжаалат кылды.

Балдардын чыгармага ушунчалык сүңгүп кирүүсүнө бир себеп түрткү берди. Ал түн катып каармандын бөлмөсүнүн терезесине “Нина” аттуу мышыктын пайда болушу менен байланыштуу. Бул мышык жөнөкөй мышык эмес – “өзүнө өзү ишеними жетишпеген балдарга” моралдык күч берип, акыл-насааты менен жардам көргөзгөн “акылман” мышык болуп чыкты. Кыскасы Нина жөн гана насаатын айтпастан, балдардын ички дүйнөсун баамдап, учурда баланы эмне түйшөлтүп жатканын аныктап, аны туура чечүүгө багыт көргөзө алды.  

Балдарга китеп окуп берүү менен, кыска убакыттын ичинде, жогорудагыдай байкоону жүргүзө алдым. Кошумчалай кете турган нерсе – ата-эненин кичинекей аракети баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө(ой жүгүртүүсү, кыялдануусу ж.б.)гана салымын кошпостон, бала менен эненин(атанын) мамилесин чыңдоого, бирөөгө кулак төшөп уга билүүсүнө чоң таасир этээрине ынандым.  

Буга кошумча дагы ар кандай – балдарды туура жолго үгүттөгөн же балдардын кызыгуусуна ылайык келген, кооз сүрөттүү адабияттарды окууну максат койдук. 

Жаңы жылдагы жаңы аракетибиз – күнүмдүк турмуштун адатына айланып, балдарыбыздын келечегине жакшы салымын кошсун деген ниет менен, ЧолпонК.

* Жогоруда Со Жи Уон “Мен дагы кыла алам деген ишеним – Озуно озу ишенуу” (서지원  “할 수 있다는 믿음, 자신감”) аттуу корей тилиндеги чыгарманы окугандан кийинки ой-толгоо менен бөлүшүү болду.

* Балдардын “жеке өнүгүү”сүнө арналган кыргыз тилиндеги китептерден билсеңиз, алдыдагы сапка пикириңизди бөлүшүүңүздү суранабыз.      

Жашооңду кыялыңдагыдай өзгөрткүң келеби…

Ар бир адамда, сөзсүз, жүрөктү өйүткөн бир суроо болсо керек. Ал суроого, кээде, жооп издеп жатып андан көп суроолорго жооп таап, же болбосо, тилекке каршы, жоопту да издебей ошол тунгуюкта өмүрү да өтсө керек…

Aдам баласынын жашоосунда илим-билимдин, техниканын өнүгүүсу менен көптөгөн суроолорго жооп табылып келет, бирок ошол өнүгүү менен адам максатына толук жетип, бакубат жашоодо магдырап жашай алат бекен?

“Жашооңду кыялыңдагыдай өзгөрткүң келеби…” – дейт, жакында эле интернет дүйнөсүндө жарык көргөн, “Ойлон, oйгон” аттуу илимий-психологиялык китеп. Бул чыгарманын негизин – адам аң-сезимин өзгөртүү менен жашоосун дагы түп тамырынан бери өзгөртө алат – деген ой түзгөн!

Aвтор, Касымбек Жунусалиев, бул эмгекти жаратууда, ийгиликтин чокусун багындырган улуу инсандардын кеп-кеңештерине жана турмушта болуп өткөн окуяларга таянган. Ошондой эле,  белгилеп кете турган нерсе, чыгарма нукура кыргыз тилинде жазылып (орус тилинен сөзмө-сөз которулбай), “кыялдагы жашоого кантип жетсе болот?” деген суроого карата теориялык жана практикалык кеңештерди окурманга өтө жеткиликтуу кылып айкын бере алган.

Жашооңузга кундун шооласындай нур чачып, журөкту жылыткан идеяларды тартуулаган жогорудагы  китепти окусаңыз – ойго батуу менен ойгонууга да мажбур болосуз деп, ЧолпонК.

Жакшы сөз жанды эргитет

Арада бир топ убакыт үзгүлтүкко учураса  да блог дүйнөмдү кайрадан улантууга кириштим. Ар бирибизге белгилүү болгондой Интернет дүйнөсүндө сан жеткис маалымат бар. Алардын ар бирин иргеп, керектүүсүн тандоо – асмандагы жылдыздарды саноо менен барабар. Ошентсе да, aйрым бир жылдызды тааный  билгендей,  aйрым бир баалуу маалыматты  тааный  билсек –   ал, албетте, ийгиликке  жол ачаар!

Бүгүн, көп окурмандардын жүрөгүнөн орун алган, америкалык жазуучу, оратор Д. Кэнфилд жана М. В. Хансендин Лекарство для души аттуу чыгармасы тууралуу сөз тартуу болмокчу. Бул эмгек кээде журөгүңүзгө сүйүнүч, кээде көзүңүзгө жаш алып келе турган – жашоодо болуп өткөн окуяларга күбө кылмакчы. Ошондой эле, бул китеп, эң негизгиси, “Жакшы сөз жанды эргитет …” дегендей, Сиздин  кымындай бир жылуу сөзүнүз кимдир бирөөнүн жашоосуна чоң бакыт, сүйүү жана ийгилик алып келиши мүмкүн экeндиги  тууралуу  баяндап бермекчи.

Жашооңузга көп сүйүнүч каалап, ЧолпонК.                                                        

Ийгилик сиздин өз колуңузда!

Саламатсызбы, кутмандуу окурманым!

IygilikБүгүнкү темамды “Ар дайым сизди ийгилик коштоп жүрсүн!” деген асыл тилек менен ачкым келет. Себеби жашообуздун маңызы болгон үй-бүлө, ден-соолук, эңсеген oкуу, сүйүктүү иш жана башка толгон-токой ой-тилектер бар эмеспи. Мына ошол мүдөөнун жүзөгө ашырылышы ар бирибизди бакытка бөлөп, көкүрөгүбүздү сүйүнүчкө толтуруп келет.

Байлык жана ийгиликке жетүү темасына көптөгөн эмгектер арналып келет. Бири табышмактатса, бири төгүлүп-чачылып бүткүл сырын ачкандай. “Эгер уксаң – унутасың, көрсөң – эстеп каласың, ал эми өзүң жасасаң – анда чындап түшүнөсүң” дегендей алган кеп-кеңештерди жүзөгө ашыруу ар бирибиздин колубузда.

Сиздин керегиңизге жарап калаар деген үмүт менен акырында  Билл Ньюмендин Десять фантастических способов добиться успеха“, сунуштап кетмекчимин.

Убактыңызды бөлүп баш бакканыңызга ыраазылыгымды билдирип, ЧолпонК.

Убакытты сарамжалдуу пайдалануу

Саламатсызбы, Урматтуу окурманым!  

TimeАлгач темамды жашоодо  эң маанилүү болгон убакытты туура жана сарамжал пайдаланууга арнамакмын.

Ар бир адамдын ой-мүдөөсү, алдыга койгон максаты бар. Ага жетүү үчүн, «Аракет кылса – берекет» дегендей, талыкпаган эмгек жана эмгек! Ошо эмгектенүүдө жемиштүү жыйынтыкка келиш үчүн ишти баштоодон мурда убакытты туура пландаштыруу зарыл.

Окурман, мүмкүн сиз көп жетишкендиктердин ээсисиз, мүмкүн сиз кеп-кеңештерге муктаж эмессиз, анда мен кубанычтамын. Демек сиз өз жеке гана турмушунузга эмес, жалпыга жардамыңыз тие турган инсансыз.

Эгерде кошумча маалымат ашыкча болбойт десеңиз … Анда эмесе, бул блогдун бет ачаары, дүйнө жүзүнө белгилүү бизнесмен, психолог жана мультимиллионер – Брайан Трейсинин «Управляй своим временем и удвой результаты» деген чыгармасын сунуштайм.

Билесизби, чечкиндүүлүк – бул көп ийгиликтердин туу чокусуна жеткен улуу адамдардын эң мыкты сапаты. Эгерде сиз да алардын бири болгуңуз келсе, анда убакытты бир азга да кечеңдетпей, өз максатыңызды жана аны ишке ашыруудагы кадамдарды аныктаңыз. Бул жөнүндө жана, эң негизги, убакытты туура пайдалануу боюнча кеңештерди жогорку китептен биле аласыз.

Китепти окууда берилген көнүгүүлөрду кылдаттык менен коңул бөлуп аткарсаңыз, убакытты каалашыңыздай калчап башкара аласыз деп ишенем. 🙂

Сизге албан-албан ийгиликтерди каалап, ЧолпонК.

“Максат бар жерде, кыялдар орундалат!”
Ильгар Абрамов.