Жаңы жылда – жаңы аракет.

1-январдан баштап, уктаардын алдында, балдарга китеп окуп бере баштадым. Китептин мазмуну кызыктуу болуппу, же убакытты чогуу өткөргөнгө ыраазы болушуппу, айтор күнүгө кунт коюп угушканы байкалды. Окуурдан мурун, “20мүнөт окуп эрте уктайлы, ээ?” дегенге карабай 30-40мүнөт убакыт тез эле өтүп кетип жатты. Убакытты кыска айткан себебим – кызыктуу жеринен токтоп, эртеңки китеп окуубузга мындан дагы кызыгуу жаратуу болду.

자신감Балдар өспүрүм куракта болгондуктан, жашына ылайык “жеке өнүгүү” боюнча көркөм адабияттан баштадык. Анын бири, адамдын жашоосунда чоң мааниге ээ болгон – “Өзүнө өзү ишенүү” мазмунундагы чыгарма болду. Анда баяндалган кээ бир окуя жана көйгөй мектеп турмушунда кездеше турган көрүнүш болгондуктан балдардын көңүлүн ого бетер өзүнө бура алды. Тагыраак айтканда, “өзүнө ишенүү, өзүн(өзгөнү) сыйлай билүү”, “дос күтө билүү”, “классташтардын алдына чыгып өз оюн тартынбай сүйлөө”, “мектеп жана мугалим агай-эжеден коркуп-үркпөй, тескерисиниче балдардын туура жетилүүсүнө, адамдык сапатынын өнүгүүсүнө, келечекте коомдогу өз ордун табуусуна зор салым кошо турган булактардын бири экенин туура түшүнүү”  ж.б. ушу сыяктуу мазмунда болду. 

Китеп окуу учурунда балдардын өз кыймыл-аракетине болгон чакан анализдөөсү дагы байкалды. Мисалы, чыгарманын каарманы көйгөйдү чечүүдө кандай аракеттерди кылгандыгын угушуп, андай учур аларда дагы болгондугун, же болуп көрбөгөн көрүнүш экендигин кыскача кыстырмалар менен билгизип жатышты.  Айрыкча сабактан “начар” баа алып, апасынан уруш жеген каармандын ой-толгоосу көңүлдөрүн бурду. Себеби ал жагдайдан чыгуусуна – келечектеги эңсеген кыялын аныктоосу түрткү болду. Дагы каармандын “мугалим мени гана жаман көрөт” деген өзүн-өзү басмырлоосу, мугалимдин каарманга болгон эскертүүлөру балдарды кыжаалат кылды.

Балдардын чыгармага ушунчалык сүңгүп кирүүсүнө бир себеп түрткү берди. Ал түн катып каармандын бөлмөсүнүн терезесине “Нина” аттуу мышыктын пайда болушу менен байланыштуу. Бул мышык жөнөкөй мышык эмес – “өзүнө өзү ишеними жетишпеген балдарга” моралдык күч берип, акыл-насааты менен жардам көргөзгөн “акылман” мышык болуп чыкты. Кыскасы Нина жөн гана насаатын айтпастан, балдардын ички дүйнөсун баамдап, учурда баланы эмне түйшөлтүп жатканын аныктап, аны туура чечүүгө багыт көргөзө алды.  

Балдарга китеп окуп берүү менен, кыска убакыттын ичинде, жогорудагыдай байкоону жүргүзө алдым. Кошумчалай кете турган нерсе – ата-эненин кичинекей аракети баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө(ой жүгүртүүсү, кыялдануусу ж.б.)гана салымын кошпостон, бала менен эненин(атанын) мамилесин чыңдоого, бирөөгө кулак төшөп уга билүүсүнө чоң таасир этээрине ынандым.  

Буга кошумча дагы ар кандай – балдарды туура жолго үгүттөгөн же балдардын кызыгуусуна ылайык келген, кооз сүрөттүү адабияттарды окууну максат койдук. 

Жаңы жылдагы жаңы аракетибиз – күнүмдүк турмуштун адатына айланып, балдарыбыздын келечегине жакшы салымын кошсун деген ниет менен, ЧолпонК.

* Жогоруда Со Жи Уон “Мен дагы кыла алам деген ишеним – Озуно озу ишенуу” (서지원  “할 수 있다는 믿음, 자신감”) аттуу корей тилиндеги чыгарманы окугандан кийинки ой-толгоо менен бөлүшүү болду.

* Балдардын “жеке өнүгүү”сүнө арналган кыргыз тилиндеги китептерден билсеңиз, алдыдагы сапка пикириңизди бөлүшүүңүздү суранабыз.