Кайсы бир убакыттан бери, биздин жашообуздагы көп өксүктөр – өзүбүздү өзүбүз сыйлабагандыктан, түшүнбөгөндүктөн, жакшы көрбөгөндүктөн келип чыгаарын түшүндүм. Бул жан дүйнөдөгү боштук, “чыныгы өзүңдү” тааныбастык.
Бирок, эмнегедир, аны түшүнбөстөн бардык көйгөйдү сырттан издеп келебиз. Бул адам(үй-бүлө, тааныш, айырмасы жок) менен терс мамиле, жашоодогу ар кандай кыйынчылыктар.
Бул нерсе күндөн-күнгө, жылдан-жылга, керек болсо өмүр бою кайталанып келет.
Аны токтотуу учун, бир гана өзүңө суроо узатуу керек – “Менин жан дүйнөмдө азыр эмне болуп жатат?”. Бул суроого жооп жашоодогу дээрлик бардык көйгөйдү чечиши мүмкүн. Албетте, жүз пайыз жоопкерчиликти өзүңө алып, өзүң менен өзүң тынымсыз иштегенде.
Мисалы, көпчүлүк ата-энелер(айрыкча биз энелер) бир жакка барып келгенде үйдө калган балдар үй-ишин кылбай койсо, ачуу тилдегенибиз бар. Чынында, бул өтө деле чоң көйгөй эмес. Бала башка нерсеге алаксып, убагында кылбай калышы мүмкүн. Ага азыр деле кайра мүмкүндүк берүүгө болот.
Бирок эненин(атанын) ичиндеги өзүнө болгон нааразычылык(албетте, аны ал учурда аңдабайт) көбүрүп-жабырып, акыры балага чейин чачырайт. Аны менен балага моралдык зыян, өзүнүн жан дүйнөсүнө дагы бир жарат жаратат.
Бул эми күнүмдүк-турмуштагы эле кичинекей мисал. Ар бир адам өзүнө көңүл бөлө баштаганда, ичтеги өзүнө карата болгон терс сезимдер, жашоонун бардык жагына таасир этээрин байкайт.
Бирок, эң өкүнүчтүүсү, балдар чоңойгуча ата-эненин ошо терс энергиясына сугарылып, аны кайра оз жашоосунда кайталоого(көпчүлүк учурда) учурайт.
Андыктан, биз, ата-энелер, балдарыбыз өзүн сыйлаган, чыныгы бакытты сезген адамдардан болуп чоңоюсун кааласак, өзүбүздү түшүнгөн, сыйлаган адамдардан болуубуз зарыл.
*Албетте, бул бардык ата-энеге тийиштүү эмес.
*Бул баланын өткөөл курагында(айрыкча), бала менен муздак мамилени алдын алууда ойлонуучу маселе.
Жеке өнүгүү, жеке тажрыйбадан.
@cholponkj