Жашоону өзгөрткөн китеп окуу!

Бул жолку блог китеп окуш керек эле деп, бирок китепти ачканда эле уйкусу келген, же ар кандай шылтоо менен китепти жапканга шашкан замандаштарга арналат!

Ошондой эле китеп окуу менен өзгөрүүгө, өнүгүүгө умтулган замандаштарга арналат!

Бул видео блог, аз да болсо, жеке өнүгүүбүзгө салымын кошоор деген тилекте, ЧолпонК.

*Каналга катталып, пикир калтыруу үчүн – Ютуб “CholponKJ”…

Ыраазычылык сезими адамды “НУР”га бөлөйт!

Ошондуктан күнүмдүк жашообузда “Ыраазычылыктын чыныгы күчүн” эстей жүрүүбүз маанилүү. Себеби адамдын көнүлү кайда болсо, ошол нерсе көбөйөт. Бул закон ченемдүү көрүнүш. Биз кааласак да, каалабасак да аткарылат.

Андыктан колдо бар нерсеге ыраазы болуу – бул көнүмүш адатга айлануусу абзел. Ошондо гана ыраазычылыкты ар бир жерден көрө алган касиетке ээ болобуз. Анын күчү менен ошондой жакшы нерселерди, окуяны, адамдарды өзүбүзгө тарта баштайбыз…

Тилекке каршы, “Азыр колдо жок болсо, эмнеге ыраазы болом?” деген суроо дагы жаралышы мүмкүн. Бул, сөзсүз эле, байлык эмес, ден-соолук, жакын адам ж.б. менен дагы байланыштуу.

Ошондуктан дароо чоң нерсеге эле эмес, жашообуздагы өтө майда көрүнүштөргө да “Ыраазычылыкты жөнөтүү” менен баштасак. Мисалы, сууктан кирип келгендеги жылуу уйгө, ысык чайга, мени күткөн же ойлогон адамдарга…

Бул блогду окуганыңызга ыраазычылык билдирип, ЧолпонК.

*Ыраазычылык сезими адамды “НУР”га бөлөйт➡️cholpon_kj Ютуб каналында.

Эрте туруп сергек жашоо

Жаштайыман эле уйкучумун. Илгери мектепке бараарда да күнүгө эртең менен айласыздан эле турганым эсимде. Кийин ЖОЖдо болсо, кудай жалгап, сабактар түшкө жакын убакытта болуп калды. Ошентип окуу жайды аяктап, иш менен алек болгондо деле ал адатым калган жок.

Биртоп жыл мурун “Бакубат жашоонун сыры”(фильм”Секрет”) аттуу тасманы көрүп калдым, андан кийин “жеке өнүгүү” боюнча ар кандай маалыматтарга кызыга баштадым. Анын ичинде “Эрте туруу менен сергек жашоо” сыяктуу макалалар дагы бар эле. Бала кезден “эрте туруунун маанисин” көп эле угуп келсем дагы, эмнегедир ал менин жашоомо эч тиешеси жоктой кош көңүл болуп келгенимди байкадым. Анан мен дагы “эл катары” эрте турганга көнүп, көп нерсеге жетишейин деген ой менен аракет кылып көрууну чечтим. Албетте аны иш жузунө ашыруу оной болгон жок, себеби буга чейин түнкүсүн кеч уктап, кеч турганга көнгөнмүн. Мисалы, студент кезден бери сабакты, же башка ишти кеч болгонго карабай кылып жатуу, же жөн эле кеч уктаган адатка айланган. Ал эми эртең мененки таттуу уйкудан калуу – бул мен учун бир “кереметтен” кур калганга барабар эле, ошондуктан эрте туруу оюма дагы келчү эмес.

Ошентип “жеке өнүгүү” боюнча ар кыл тасма жана адабияттарды көрүү менен адамдын жашоосунда “эрте туруп, эрте кыймылдоо” чоң мааниге ээ экенин биле алдым. Ошондой эле, “кеч жатып, кеч туруу” жаш өткөн сайын адамдын “энергиясын” төмөндөтүп, ал болсо түздөн-түз ден соолукка гана терс таасир этпестен, максатсыз жашоого жана жалкоолукка түртөөрүнө ынандым.

Ошондуктан ден соолукту чыңдоо үчүн, жана алдыга койгон ой-тилектерди ишке ашыруу үчүн “кеч жатып, кеч туруунун” ордуна “эрте жатып, эрте турууну” тандадым. Бул аракетимди ишке ашырууда мага жакшы таасир берген видео тасмалардан бул жерге кыстара кетейин.

Эрте туруп көп максаттарына жеткен, же эми аракет кылайын деген замандаштарга ийгилик каалап, ЧолпонК.

Жаңы жылда – жаңы аракет.

1-январдан баштап, уктаардын алдында, балдарга китеп окуп бере баштадым. Китептин мазмуну кызыктуу болуппу, же убакытты чогуу өткөргөнгө ыраазы болушуппу, айтор күнүгө кунт коюп угушканы байкалды. Окуурдан мурун, “20мүнөт окуп эрте уктайлы, ээ?” дегенге карабай 30-40мүнөт убакыт тез эле өтүп кетип жатты. Убакытты кыска айткан себебим – кызыктуу жеринен токтоп, эртеңки китеп окуубузга мындан дагы кызыгуу жаратуу болду.

자신감Балдар өспүрүм куракта болгондуктан, жашына ылайык “жеке өнүгүү” боюнча көркөм адабияттан баштадык. Анын бири, адамдын жашоосунда чоң мааниге ээ болгон – “Өзүнө өзү ишенүү” мазмунундагы чыгарма болду. Анда баяндалган кээ бир окуя жана көйгөй мектеп турмушунда кездеше турган көрүнүш болгондуктан балдардын көңүлүн ого бетер өзүнө бура алды. Тагыраак айтканда, “өзүнө ишенүү, өзүн(өзгөнү) сыйлай билүү”, “дос күтө билүү”, “классташтардын алдына чыгып өз оюн тартынбай сүйлөө”, “мектеп жана мугалим агай-эжеден коркуп-үркпөй, тескерисиниче балдардын туура жетилүүсүнө, адамдык сапатынын өнүгүүсүнө, келечекте коомдогу өз ордун табуусуна зор салым кошо турган булактардын бири экенин туура түшүнүү”  ж.б. ушу сыяктуу мазмунда болду. 

Китеп окуу учурунда балдардын өз кыймыл-аракетине болгон чакан анализдөөсү дагы байкалды. Мисалы, чыгарманын каарманы көйгөйдү чечүүдө кандай аракеттерди кылгандыгын угушуп, андай учур аларда дагы болгондугун, же болуп көрбөгөн көрүнүш экендигин кыскача кыстырмалар менен билгизип жатышты.  Айрыкча сабактан “начар” баа алып, апасынан уруш жеген каармандын ой-толгоосу көңүлдөрүн бурду. Себеби ал жагдайдан чыгуусуна – келечектеги эңсеген кыялын аныктоосу түрткү болду. Дагы каармандын “мугалим мени гана жаман көрөт” деген өзүн-өзү басмырлоосу, мугалимдин каарманга болгон эскертүүлөру балдарды кыжаалат кылды.

Балдардын чыгармага ушунчалык сүңгүп кирүүсүнө бир себеп түрткү берди. Ал түн катып каармандын бөлмөсүнүн терезесине “Нина” аттуу мышыктын пайда болушу менен байланыштуу. Бул мышык жөнөкөй мышык эмес – “өзүнө өзү ишеними жетишпеген балдарга” моралдык күч берип, акыл-насааты менен жардам көргөзгөн “акылман” мышык болуп чыкты. Кыскасы Нина жөн гана насаатын айтпастан, балдардын ички дүйнөсун баамдап, учурда баланы эмне түйшөлтүп жатканын аныктап, аны туура чечүүгө багыт көргөзө алды.  

Балдарга китеп окуп берүү менен, кыска убакыттын ичинде, жогорудагыдай байкоону жүргүзө алдым. Кошумчалай кете турган нерсе – ата-эненин кичинекей аракети баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө(ой жүгүртүүсү, кыялдануусу ж.б.)гана салымын кошпостон, бала менен эненин(атанын) мамилесин чыңдоого, бирөөгө кулак төшөп уга билүүсүнө чоң таасир этээрине ынандым.  

Буга кошумча дагы ар кандай – балдарды туура жолго үгүттөгөн же балдардын кызыгуусуна ылайык келген, кооз сүрөттүү адабияттарды окууну максат койдук. 

Жаңы жылдагы жаңы аракетибиз – күнүмдүк турмуштун адатына айланып, балдарыбыздын келечегине жакшы салымын кошсун деген ниет менен, ЧолпонК.

* Жогоруда Со Жи Уон “Мен дагы кыла алам деген ишеним – Озуно озу ишенуу” (서지원  “할 수 있다는 믿음, 자신감”) аттуу корей тилиндеги чыгарманы окугандан кийинки ой-толгоо менен бөлүшүү болду.

* Балдардын “жеке өнүгүү”сүнө арналган кыргыз тилиндеги китептерден билсеңиз, алдыдагы сапка пикириңизди бөлүшүүңүздү суранабыз.      

Жашооңду кыялыңдагыдай өзгөрткүң келеби…

Ар бир адамда, сөзсүз, жүрөктү өйүткөн бир суроо болсо керек. Ал суроого, кээде, жооп издеп жатып андан көп суроолорго жооп таап, же болбосо, тилекке каршы, жоопту да издебей ошол тунгуюкта өмүрү да өтсө керек…

Aдам баласынын жашоосунда илим-билимдин, техниканын өнүгүүсу менен көптөгөн суроолорго жооп табылып келет, бирок ошол өнүгүү менен адам максатына толук жетип, бакубат жашоодо магдырап жашай алат бекен?

“Жашооңду кыялыңдагыдай өзгөрткүң келеби…” – дейт, жакында эле интернет дүйнөсүндө жарык көргөн, “Ойлон, oйгон” аттуу илимий-психологиялык китеп. Бул чыгарманын негизин – адам аң-сезимин өзгөртүү менен жашоосун дагы түп тамырынан бери өзгөртө алат – деген ой түзгөн!

Aвтор, Касымбек Жунусалиев, бул эмгекти жаратууда, ийгиликтин чокусун багындырган улуу инсандардын кеп-кеңештерине жана турмушта болуп өткөн окуяларга таянган. Ошондой эле,  белгилеп кете турган нерсе, чыгарма нукура кыргыз тилинде жазылып (орус тилинен сөзмө-сөз которулбай), “кыялдагы жашоого кантип жетсе болот?” деген суроого карата теориялык жана практикалык кеңештерди окурманга өтө жеткиликтуу кылып айкын бере алган.

Жашооңузга кундун шооласындай нур чачып, журөкту жылыткан идеяларды тартуулаган жогорудагы  китепти окусаңыз – ойго батуу менен ойгонууга да мажбур болосуз деп, ЧолпонК.

Бардыгы балдар үчүн!

Ооба, бардыгы балдар үчүн жана алардын ата-энелери, агай-эжелери үчүн! Балдарды үй шартында, алдын ала, мектепке даярдоодо, балдар бакчасында же башталгыч класстарда сабак өтүүдө окуу китебинен тышкары көрсөтмө куралдарга муктаж учур да көп кездешет. Ошол себептен, Интернет дуйнөсүнөн издеп тапкан тийиштүү маалыматтын дурусун Сиздер менен бөлүшүп кетээрди туура көрдүм.

  1. http://umm4.com
  2. http://www.razvitierebenka.com

Aлбетте, бул тизмени улантса учу-кыйырына жетпестир, бирок ушу эки баракча эле толгон-токой маалыматты камтып, интернет дүйнөсүнөн андан ары издөө жүргүзүүдө жакшы багыт бере алат.

Жогорудагы барактарга кыскача мунөздөмө. А дан Я га чейин дегендей, ымыркайдан баштап 7-8 жашaр  тестиерге чейин. Балдарды тарбиялап өстүрүүдө, ойлонууга болгон жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүдө жана билимге болгон кызыгуусун арттырууда таасир эте турган материалдар, аларды колдонуу ыкмалары боюнча кеп-кеңештер арбын берилген. Мисалы, арип (кирил, латын), сандар  жана башкалар  ар кандай кооз түстөгу көрсөтмө куралдардын, оюндардын жардамы менен, ошондой эле аларды түрдүү түско боёо жолу менен окутуу дагы каралган.

Бул маалымат, аз да болсо, Сиздин ийгилигиңизге салымын кошоор деген ойдо, ЧолпонК.

Жакшы сөз жанды эргитет

Арада бир топ убакыт үзгүлтүкко учураса  да блог дүйнөмдү кайрадан улантууга кириштим. Ар бирибизге белгилүү болгондой Интернет дүйнөсүндө сан жеткис маалымат бар. Алардын ар бирин иргеп, керектүүсүн тандоо – асмандагы жылдыздарды саноо менен барабар. Ошентсе да, aйрым бир жылдызды тааный  билгендей,  aйрым бир баалуу маалыматты  тааный  билсек –   ал, албетте, ийгиликке  жол ачаар!

Бүгүн, көп окурмандардын жүрөгүнөн орун алган, америкалык жазуучу, оратор Д. Кэнфилд жана М. В. Хансендин Лекарство для души аттуу чыгармасы тууралуу сөз тартуу болмокчу. Бул эмгек кээде журөгүңүзгө сүйүнүч, кээде көзүңүзгө жаш алып келе турган – жашоодо болуп өткөн окуяларга күбө кылмакчы. Ошондой эле, бул китеп, эң негизгиси, “Жакшы сөз жанды эргитет …” дегендей, Сиздин  кымындай бир жылуу сөзүнүз кимдир бирөөнүн жашоосуна чоң бакыт, сүйүү жана ийгилик алып келиши мүмкүн экeндиги  тууралуу  баяндап бермекчи.

Жашооңузга көп сүйүнүч каалап, ЧолпонК.                                                        

«Opus» – «Секрет» тасмасынын уландысы

Ийгилик сиздин өз колуңузда!

Саламатсызбы, кутмандуу окурманым!

IygilikБүгүнкү темамды “Ар дайым сизди ийгилик коштоп жүрсүн!” деген асыл тилек менен ачкым келет. Себеби жашообуздун маңызы болгон үй-бүлө, ден-соолук, эңсеген oкуу, сүйүктүү иш жана башка толгон-токой ой-тилектер бар эмеспи. Мына ошол мүдөөнун жүзөгө ашырылышы ар бирибизди бакытка бөлөп, көкүрөгүбүздү сүйүнүчкө толтуруп келет.

Байлык жана ийгиликке жетүү темасына көптөгөн эмгектер арналып келет. Бири табышмактатса, бири төгүлүп-чачылып бүткүл сырын ачкандай. “Эгер уксаң – унутасың, көрсөң – эстеп каласың, ал эми өзүң жасасаң – анда чындап түшүнөсүң” дегендей алган кеп-кеңештерди жүзөгө ашыруу ар бирибиздин колубузда.

Сиздин керегиңизге жарап калаар деген үмүт менен акырында  Билл Ньюмендин Десять фантастических способов добиться успеха“, сунуштап кетмекчимин.

Убактыңызды бөлүп баш бакканыңызга ыраазылыгымды билдирип, ЧолпонК.

Бакубат жашоонун сыры эмнеде?

Кутмандуу күнүңүз  менен, окурманым!

Тагдыр, же бешенеге жазган буйрук дейбиз эзелтеден… Сиз, окурманым, кандай дейсиз бул кепке? Бул чындыкпы, же жөн гана шылтообу? Бир тараптан жооп бериш албетте кыйын, канча баш болсо ошончо ой болот эмеспи. Ошентсе да ар бирибиздин көз карашыбызды сыйлоо менен өз пикириңиз болсо ой бөлүшө кетээрге кандай дейсиз?

Алгач, ой бөлүшүүнү баштоодон мурда, сизге, “Секрет” деген документалдык  Америка тасмасын сунуштайм. Албетте таңуулоо эмес, мүмкүн сиз таанышсыз, бирок сиз анда айтылган ойлор менен макул эмессиз. Эгер  андай эмес болсо тасманы көрүүдө, аты айтып тургандай, “Бакубат жашоонун сыры эмнеде?” деген суроого жооп алаарыңызга ишенем.

Билесизби, “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт” дегендей, турмушта өйдө-ылдый учурлар да болот. Ошондо ары да урунуп жооп таппай, бери да урунуп жооп таппай, кыскасы -“Жомоктогу сыйкырчы келип каалаган оюмду аткарып берсе, чиркин!”- деген учурлар да болбой койбойт. Мына ошондо акыл токтотуп, бул дүйнөдө жалгыз гана тоскоолдуктар эмес,  СЕН деп жашаган жакындарды, кыйынчылыкта колдой билген досторду, дегеле жашоодо болуп өткөн бактылуу күндөрдү эстеп, келечекке илгери  үмүт менен кадам шилтесе – бир гана жеке турмуш эмес айлана-чөйрө да бакытка бөлөнөөр.

Берилген  тасманын китебин бул жерден  жүктөй аласыз.

Блогдо берилген видео тасмаларды intv.ru, rutube.ru, smotri.ru ж.б. тасма барактарынан да издеп көрө аласыз.

Элибизге тынчтык, кененчилик, бакубат жашоо каалап, ЧолпонК.