Убакытты сарамжалдуу пайдалануу

Саламатсызбы, Урматтуу окурманым!  

TimeАлгач темамды жашоодо  эң маанилүү болгон убакытты туура жана сарамжал пайдаланууга арнамакмын.

Ар бир адамдын ой-мүдөөсү, алдыга койгон максаты бар. Ага жетүү үчүн, «Аракет кылса – берекет» дегендей, талыкпаган эмгек жана эмгек! Ошо эмгектенүүдө жемиштүү жыйынтыкка келиш үчүн ишти баштоодон мурда убакытты туура пландаштыруу зарыл.

Окурман, мүмкүн сиз көп жетишкендиктердин ээсисиз, мүмкүн сиз кеп-кеңештерге муктаж эмессиз, анда мен кубанычтамын. Демек сиз өз жеке гана турмушунузга эмес, жалпыга жардамыңыз тие турган инсансыз.

Эгерде кошумча маалымат ашыкча болбойт десеңиз … Анда эмесе, бул блогдун бет ачаары, дүйнө жүзүнө белгилүү бизнесмен, психолог жана мультимиллионер – Брайан Трейсинин «Управляй своим временем и удвой результаты» деген чыгармасын сунуштайм.

Билесизби, чечкиндүүлүк – бул көп ийгиликтердин туу чокусуна жеткен улуу адамдардын эң мыкты сапаты. Эгерде сиз да алардын бири болгуңуз келсе, анда убакытты бир азга да кечеңдетпей, өз максатыңызды жана аны ишке ашыруудагы кадамдарды аныктаңыз. Бул жөнүндө жана, эң негизги, убакытты туура пайдалануу боюнча кеңештерди жогорку китептен биле аласыз.

Китепти окууда берилген көнүгүүлөрду кылдаттык менен коңул бөлуп аткарсаңыз, убакытты каалашыңыздай калчап башкара аласыз деп ишенем. 🙂

Сизге албан-албан ийгиликтерди каалап, ЧолпонК.

“Максат бар жерде, кыялдар орундалат!”
Ильгар Абрамов.

2 Responses to “Убакытты сарамжалдуу пайдалануу”

  1. erl Says:

    Абдан жакшы маалыматтар бар экен, http://tyup.net/blog/ сайтын да сунуштап кетейин, анткени бул сайтта да коптогон кызыктуу маалыматтар бар экен


Комментарий кошуу