«Opus» – «Секрет» тасмасынын уландысы

Суунун сыры…


Кезекти жашоонун булагы болгон СУУнун СЫРЫна бермекчимин. Себеби адам баласы сууну жашоо-тиричилигинде гана пайдаланбастан, аны ар кандай ырым-жырым жасоодо жана айрым илдеттерден айыктырууда да пайдаланып келет. Андыктан “Суу мындай көрүнүштөргө кандайча таасир эте алат?” деген суроо да туулбай койбойт.

Бул суроого жооп катары назарынызды  “Великая тайна воды”  аттуу илимий-популярдык Орус тасмасына бурмакчымын. 

Блогдо берилген видео тасмаларды intv.ru, rutube.ru, smotri.ru ж.б. тасма барактарынан да издеп көрө аласыз.

Бүгүнкү темамды Сиз кызыктуу деп ойлосоңуз,  мен  кубанычтамын,
ЧолпонК. 

Бакубат жашоонун сыры эмнеде?

Кутмандуу күнүңүз  менен, окурманым!

Тагдыр, же бешенеге жазган буйрук дейбиз эзелтеден… Сиз, окурманым, кандай дейсиз бул кепке? Бул чындыкпы, же жөн гана шылтообу? Бир тараптан жооп бериш албетте кыйын, канча баш болсо ошончо ой болот эмеспи. Ошентсе да ар бирибиздин көз карашыбызды сыйлоо менен өз пикириңиз болсо ой бөлүшө кетээрге кандай дейсиз?

Алгач, ой бөлүшүүнү баштоодон мурда, сизге, “Секрет” деген документалдык  Америка тасмасын сунуштайм. Албетте таңуулоо эмес, мүмкүн сиз таанышсыз, бирок сиз анда айтылган ойлор менен макул эмессиз. Эгер  андай эмес болсо тасманы көрүүдө, аты айтып тургандай, “Бакубат жашоонун сыры эмнеде?” деген суроого жооп алаарыңызга ишенем.

Билесизби, “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт” дегендей, турмушта өйдө-ылдый учурлар да болот. Ошондо ары да урунуп жооп таппай, бери да урунуп жооп таппай, кыскасы -“Жомоктогу сыйкырчы келип каалаган оюмду аткарып берсе, чиркин!”- деген учурлар да болбой койбойт. Мына ошондо акыл токтотуп, бул дүйнөдө жалгыз гана тоскоолдуктар эмес,  СЕН деп жашаган жакындарды, кыйынчылыкта колдой билген досторду, дегеле жашоодо болуп өткөн бактылуу күндөрдү эстеп, келечекке илгери  үмүт менен кадам шилтесе – бир гана жеке турмуш эмес айлана-чөйрө да бакытка бөлөнөөр.

Берилген  тасманын китебин бул жерден  жүктөй аласыз.

Блогдо берилген видео тасмаларды intv.ru, rutube.ru, smotri.ru ж.б. тасма барактарынан да издеп көрө аласыз.

Элибизге тынчтык, кененчилик, бакубат жашоо каалап, ЧолпонК.