Убакытты эмес, өзүбүздү туура башкаралы

Убакытты эмес, өзүбүздү туура башкаралы🔥

Күнүмдүк-турмушта убакыттын жетишпегенин көп байкайбыз. Тагыраак айтканда, “Убакыт болбогондуктан жетишпей калдым” деген шылтоо менен жашайбыз.

Бирок ал жөн гана шылтоо экендигин аңдаганыбызда, “Убакытты туура башкаруу” маанилуу экендигин растайбыз.

Анан ал тууралуу ар кыл маалыматты карап, ылайыктуусун өз жашообузга пайдаланууга аракет кылабыз.

Тилекке каршы, андай аракеттен, көпчүлүк учурда, майнап чыкпайт. Себеби “баягы ичтеги көйгөйдү” дагы деле “сырттан” издеп жаткан болобуз.

Убакыт бул бизден көз карандысыз. Демек, анын бизге эч кандай тиешеси жок. Биз кааласак да, каалабасак да өтөт, кетет…

Андыктан биз убакытты башкаруунун ордуна, өзүбүздү башкарууну тандайбыз.

Ал учун, менин жашоомо пайда алып келген, туура адаттарды калыптандырууга умтулабыз.

Жеке өнүгүү, жеке тажрыйбадан.

@cholponkj

Комментарий кошуу