Таң…

Ар бир адамдын кемчилиги(жаман адат, же сапат) бар. Ал кемчиликти аңдоо жеке өнүгүүгө багыт берет, же өзүн-өзү жемелөөгө алып келет⚡

Мисалы, менин кемчилигимдин бири – кеч туруу адаты. Аны оңдоо учун, таңды тосуп өзүм менен иштөө аракетиндемин.

Ал эми сиздерчи? Кайсы кемчилигиңизди, кандай жол менен оңдоо аракетиндесиз?

Бул, жөн эле, жеке өнүгүүгө багыт бере турган суроо.

Ар бирибиз өзүбүзгө суроо узатып, оңолууга, өзгөрүүгө умтулсак, жашообузга бир далай жакшылыктар өзү эле кирип келет.

ЧолпонК

Комментарий кошуу